Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Пакистанда электр энергиясы жапырт өчүрүлдү

0
Пакистанда электр энергиясы жапырт өчүрүлдү

Пакистанда 23-январда электр энергиясы жапырт өчүрүлдү.

Жарык берүү Исламабад, Карачи, Лахор өңдүү чоң шаарларда да үзгүлтүүккө учурады. Ооруканалар, заводдор жана мектептер бир нече саат электр жарыгысыз калышты. Пешаварда эртең менен ичүүчү суу да токтоп калган.

Энергетика министрлиги бул жагдай электр тармагындагы мүчүлүштүктөн улам болгонун билдирди. Твиттерге жарыяланган расмий кабарга ылайык, эртең менен басым төмөндөп кеткен. Электр энергиясы алгач баш калаа Исламабаддын, Пешавар шаарынын айрым райондорунда калыбына келтириле баштады.

Энергетика министри Гулам Дастгир Geo News TV телеканалына электр системасында "чоң көйгөй" жок экенин жана жакынкы 12 саатта бүт өлкөгө берилерин айтты.

2021-жылдын январында Карачи, Исламабад жана Лахор сыяктуу шаарларда электр жарыгы өчүрүлүп, бир нече сааттан кийин калыбына келтирилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *