Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ошурахунова: Канча айдан бери демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүүдөбүз

0
Ошурахунова: Канча айдан бери демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүүдөбүз

Белгилүү инсандар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер бийликтин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу аракетин айыптап жатышат. «Жарандык көзөмөл комитети» бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Динара Ошурахунова мындай кескин кадамга баруу үчүн олуттуу себеп жок деген пикирде:

«Ар бир президент өзүнүн бийлигин күчөтүп, авторитардык режимге айланып жатканда «Азаттыкка» чабуулдар болгон. Жарандык коом дайыма «Азаттыкты» коргоп калчу. Тилекке каршы, азыркы режим болбогон бир себептер менен аны жапканга барып жатат. Канча айдан бери демократияга, сөз эркиндигине басым болуп жатканын көрүүдөбүз – блогерлерди, активисттерди камап жатышат, өткөн аптада «24.kg» менен «Kактуска» бомба коюлду дешти, либералдык, демократиялык, сөз эркиндигин колдоп жүргөн медиаларга чабуул болуп жатат. Бул абдан жаман. Бийлик экономика, климат маселелери боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, демократиялык өлкө экенибизди айтып, кызматташууга үндөп жатат. Бирок бир колу менен ошенткени менен экинчи колу менен эркин медианы, блогерлерди чектеп жатканы байкоосуз калбайт. Эл аралык коомчулук буга чоң көңүл бурат”.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Министрлик сотко жолдогон доо арызында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Былтыр 26-октябрда "Азаттыктын" сайты жабылган соң 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү ушундай эле өтүнүч меген кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *