Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Прокурор төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл абак жазасын сурады

0
Прокурор төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл абак жазасын сурады

Мамлекеттик айыптоочу “Тоноо” беренеси менен шек саналып камакка алынган төкмө акын Болот Назаровду 10 жыл абакка кесүүнү сурады.

Адвокат Бакыт Автандилдин айтымында, Болот Назаровго козголгон иш боюнча отурум 19-январда Чүйдүн Москва райондук сотунда каралган.

“Азыркы иш боюнча жети жыл, мурунку иши боюнча үч жылды кошуп 10 жыл сурады”, - деди Бакыт Автандил.

Чүйдүн Москва райондук соту 10-январда төкмө акын Болот Назаровго козголгон экинчи ишти кароону улантып, анда негизги күбөлөр суралган. Териштирүү алдында судья Назаровдун бөгөт чарасын карап, аны 16-мартка чейин камакта калтырган.

Жабыркады деген тарап аны камактан бошотууну, ал эми прокуратуранын өкүлү абакта калтырууну суранган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын жашоочусунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абакта (СИЗО-1) камакта жатат.

Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, айылдын жашоочусу өзүнө ат мингизгенин айтып, жылкыны кайтарып бергенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.

"Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап жүргөн Назаровго бир жыл мурда баңгизат боюнча кылмыш иши козголгон. Былтыр 23-январда милиция аны иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо кармап, коомчулуктун нааразылык акциясынан кийин үй камагына чыгарган.

Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго башка да беренелердин негизинде айып тагылган. Анын иши өзүнчө каралды. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *