“Музыка үчүн сүйүүмдү курмандыкка чалдым”
Композитор Наргиза Курманова өлкөдөгү симфониялык оркестрге дирижерлук кылган жападан жалгыз айым. Ал бир эле убакта Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестрде жана Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет.