Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

CPJ: "Азаттыкты" жабуу - Кыргызстандын беделине кара так болот

0
CPJ:

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптаган билдирүү таратты. Уюм 23-январда тараткан билдирүүсүндө радионун сайтына коюлган бөгөттү алып салууга, банк эсебин ачууга жана маалымат каражаттарын ооздуктоону токтотууга кыргыз бийлигин чакырды.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бири жана анын кеңсесин жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигине кара так болуп калат", - деп жазылган анда. 

Комитет "Азаттыкка" байланыштуу жагдайга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Юстиция министрлигине кат жолдоп, комментарий сураганын, бирок ал жоопсуз калганын белгиледи.

Аталган министрлик "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болду. Сот ал арызды кароо мөөнөтүн 8-февралда белгиледи.

Мекеме сотко жолдогон доо арызында кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын жазган. Дал ушуну негиз кылып, министрлик "Азаттык Медиа" “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай көз карандысыз журналисттердин ишмердигине болгон чабуулдарды айыптап, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барганына карабай, бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз" деп айтты.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *