Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Эстония менен Орусия элчилерди чыгаруу чечимин кабыл алды

0
Эстония менен Орусия элчилерди чыгаруу чечимин кабыл алды

Эстония Москвага жооп катары орус элчисин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Элчи Владимир Липаев 7-февралга чейин өлкө аймагынан чыгып кетиши керек. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Эстониянын элчисине ушундай эле чечим чыгарган.

"Биз Орусия менен мамиледе тең укуктуулук принцибин карманабыз. Бул Эстониянын элчиси Орусиядан качан чыгып кетсе, орус элчиси да ошол эле күнү Эстониядан чыгып кетет дегенди билдирет", — деп айтылат эстон Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич анын өлкөсү Эстония менен тилектештик үчүн 24-февралдан Орусия менен дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтөрүн жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 23-январда Эстония менен дипломатиялык алакалардын деңгээлин төмөндөткөнүн маалымдаган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Эстониянын элчиси 7-февралында Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн деңгээли убактылуу ишенимдүү өкүлгө төмөндөтүлдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну “Таллиндеги орус элчилигинде иштегендердин санын кескин кыскартууга” жооп деп сыпаттап, “достукка жатпаган кадам” деп атады.

Эки аптадай мурун Эстониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Таллиндеги элчиси Владимир Липаевге 1-февралга чейин элчиликтин кызматкерлеринин санын кыскартуу зарылдыгы тууралуу маалымат берген. Эстония бийлигинин талабы боюнча Орусия элчилигинде сегиз гана дипломат жана 15ке чейин административдик, техникалык, тейлөөчү кызматкерлер калышы керек. Postimees гезити жазгандай, азыр Орусиянын Таллиндеги элчилигинде дипломат макамына ээ 21 кызматкер бар.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалунун айтымында, эстон бийлигинин негизги максаты - Орусия менен дипломатиялык мамиледе паритет принцибине жетишүү. Учурда Орусияда эстониялык сегиз дипломат иштеп жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *