Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Бишкекте аялдар үчүн рак ооруларына каршы акысыз текшерүү болот

0
Бишкекте аялдар үчүн рак ооруларына каршы акысыз текшерүү болот

Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 25-январдан 27-январга чейин аялдар үчүн акысыз текшерүү акциясы өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Акцияга 20 жаштан 60 жашка чейинки аялдар катыша алат. Дарыгерлер жатын моюнчасы, эмчек рагына байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Аталган медициналык борбор Энергетиктер шаарчасындагы Зеленая көчөсүндөгү 1А үйүндө жайгашкан. Текшерүүлөр түшкү саат 12ден саат 16га чейин уланат.

Кыргызстанда жылына 5,5 миң кишиде онкологиялык оору жаңы аныкталат. Отуз миңге чукул адам  мындай дарт менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчек рагы кеңири жайылган. (BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *