Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Пара алууга шектелген УКМКнын тергөөчүсү эки айга камалды  

0
Пара алууга шектелген УКМКнын тергөөчүсү эки айга камалды  

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын  тергөөчүсү эки айга камалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Шектүү атайын кызматтын тергөө абагында 29-мартка чейин кармалат.

20-январда  тергөөчү 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалганын Башкы прокуратура билдирген.

Факт боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-пункту “Опузалап ири өлчөмдө пара алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Башкы көзөмөл мекемеси бул кармоо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *