Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Өзбекстан "Газпром" менен түзүлгөн "жол картасы" тууралуу маалымат берди

0
Өзбекстан

Өзбекстандын өкмөтү орусиялык “Газпром” компаниясы менен кызматташуу боюнча кол коюлган “жол картасы” өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирбей турганын айтууда. Энергетика министрлиги 25-январда ушундай билдирүү таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы министр Журабек Мирзамахмудов менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер Орусиядан Өзбекстанга жаратылыш газын жеткирүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын маалымдады.

24-январда кол коюлган "Жол картасына" ылайык, жумушчу топ Казакстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу көгүлтүр от транзитин ишке ашырууну макулдашкан.

Өзбекстан бул иште улуттук кызыкчылыктар корголо турганын жана маалыматтар дайыма коомчулукка ачык болорун белгилейт.

"Мындай шартта газ-транспорт системасы кимдир бирөөгө же биздин эгемендүүлүккө коркунуч жаратпайт”, - деп айтылат Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө.

Буга чейин “Юксалиш” улуттук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов “жол картасынын” мазмунун ачыкка чыгарууга үндөгөн. Ал эгер мазмун ачыкталбаса, Өзбекстандын энергетика системасынын көз карандысыздыгына коркунуч туудурган "Газ биримдиги" долбооруна жасалган кадам болорун айткан.

Былтыр ноябрда Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен “газ биримдигин” түзүүгө кызыкдар экени кабарланган. Бул коомчулукта “Орусия Өзбекстандагы газ системасын толук көзөмөлгө алуу менен Ташкентке саясий кысым көрсөтүүгө аракет кылууда” деген жоромолдорду жараткан. Ал кезде министр Мирзамахмудов Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *