Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Арсланбек Малиев төрага болду

0
Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Арсланбек Малиев төрага болду

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Арсланбек Малиев шайланды. Жогорку Кеңештин 25-январындагы жыйынында анын талапкерлиги каралып, 64 депутат макулдугун берди.

"Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Андан бир айдан кийин комиссиянын төрагалыгына Исхак Масалиев шайланып, 30-ноябрда ден соолугуна байланыштуу бул милдеттен баш тарткан.

Масалиев комиссия март айында “Кумтөр” кенине барып келүүнү пландап жатканын 24-январда “Азаттыкка” билдирген.

Ал комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылганын маалымдаган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай койсо болорун айткан.

Кыргызстандын Улуттук банкта азыркы кезде сакталып турган алтынынын көлөмү 40 тонна экенин 29-декабрда Жогорку Кеңеште банк ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланып жатканда мекеменин төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын айтып, «парламентте түзүлгөн комиссия бүгүнкүгө чейин барып көрө элек» деп билдирген. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *