Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

IHR: Иранда активисттердин жакындарына басым болуп жатат

0
IHR: Иранда активисттердин жакындарына басым болуп жатат

Иранда бийлик төрт айга созулган өкмөткө каршы демонстрацияларды күч менен басканда кармалган же өлтүрүлгөн активисттердин жакындарына басым жасап, аларды унчукпоого мажбурлап жатат. Бул тууралуу Ирандагы Адам укуктары борбору билдирди.

Борбордун 25-январдагы баяндамасына караганда, активисттердин үй-бүлө мүчөлөрү да ур-токмокко кабылууда. Мындай тыянак бир канча мисалдардын негизинде чыгарылган.

Иранда өкмөткө каршы нааразылык былтыр сентябрда тутанган. 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон соң кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган жапырт нааразылык акциялары башталган. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

9 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюму өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан бери дегенде 100 киши, анын ичинде беш аял өлүм жазасына кириптер болуп, өкүмдүн аткарылышын күтүп жатканын билдирди.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *