Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ооганстанда сууктан каза болгондордун саны 120дан ашты

0
Ооганстанда сууктан каза болгондордун саны 120дан ашты

Ооганстандагы катуу суукта акыркы эки жумада 120дан ашуун адам каза болду. 

Табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча улуттук башкармалыктын жетекчиси Шафиулла Рахими 23-январда билдиргендей, ызгаарда тумоо күчөп, негизинен балдар жана аялдар дартка чалдыгууда. 

Андан тышкары, аязда 70 000 үй жаныбары өлгөн. Сууктун күчү айрым аймактардагы калктуу конуштарда -34 градуска чейин төмөндөп жатат. 

Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы, айрымдары көз жумганы маалым болгон. 

19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Памирде бир нече киши көз жумганын, жакын арада Кыргызстан гуманитардык жардам жеткирерин билдирген. 

БУУнун эсебинде ушул тапта талибдер башкарган 39 миллион калктын 20 миллионго чукулу ачарчылыкта күн көрүп жатат.

2021-жылдын августунда бийликке келген талибдердин өкмөтүн эл аралык коомчулук тааныбайт. "Талибандын" аялдарды билим алуусун чектеген, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды иштешине тыюу салган чечимдери гуманитардык уюмдардын бул өлкөдө жумушту улантууга кедергисин тийгизип жатканы бир катар баяндамаларда белгиленген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *