Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Аскер прокуратурасы: Чек арадагы окуя боюнча айрым иштер сотко ашты

0
Аскер прокуратурасы: Чек арадагы окуя боюнча айрым иштер сотко ашты

Аскер прокуратурасынын тергөө кызматынын башчысы Акылбек Абдыраев 2022-жылы сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иштерди тергөө уланып, айрымдары сотко өткөнүн билдирди. Бул тууралуу Абдыраев парламенттин 25-январдагы жыйынында айтты.

“Былтыркы Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча азыр тергөө тобу иликтеп жатат. Кылмыш ишинен бөлүнүп, сотко жиберилген адамдар дагы бар”, - деди Абдыраев.

2022-жылы 14-17-сентябрдагы кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү Бишкектин дарегине ушундай эле айып айткан.

Кыргызстан куралдуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 80ден ашуун кишинин тизмесин жарыялаган.

Эки тарапта тең каза тапкандар арасында балдар бар. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *