Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

АКШ: Арачылар соту Сайфулло Саиповду Нью-Йорктогу кол салууга күнөөлүү деп тапты

0
АКШ: Арачылар соту Сайфулло Саиповду Нью-Йорктогу кол салууга күнөөлүү деп тапты

26-январда АКШнын федералдык сотунда арачылар соту Өзбекстанда туулуп- өскөн Сайфулло Саиповду 2017-жылы Нью-Йорктун Манхеттен районунда өз жолу менен бараткан велосипедчендерди машинеси менен тепсетип кеткен деп тапты. Ал каргашада сегиз киши каза таап, 12 адам жабыркаган.

34 жаштагы Саипов буга чейинки көрсөтмөлөрүндө сот чечимин тааныбай турганын билдирген. 2010-жылы Кошмо Штаттарга грин-карта утуп алып кеткен өзбекстандыкка 28 пункт боюнча, анын ичинде адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу жана "Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна материалдык жана ресурстук жардам берип турган деген айып тагылган.

“Ислам мамлекети” террорчул уюму Саипов катышкан окуя боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.

Reuters агенттиги кабарлагандай, 6-февралда арачылар соту айыпталуучуну өлүм жазасына тартуу ылайык жаза болобу же жокпу чечет.

Эгер алар Саипов өлүм жазасына татыктуу деп чечсе, бул президент Байдендин администрациясы тушунда федералдык деңгээлде чегерилген биринчи учур болмокчу. Байдендин администрациясы өлүм жазасынан баш тартууну сунуш кылып келгени белгилүү.

9-январда прокурор Александр Ли айыпталуучу кылган ишине өкүнбөй турганын, ал көбүрөөк адамды жок кылгысы келгенин айтканын билдирди.

Саиповдун адвокаттары соттон Нью-Йорктун прокурорун өлүм жазасын суроо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну өтүнгөн.

Нью-Йорк штатында өлүм жазасына тыюу салынганына карабай Саиповдун иши федералдык сотто каралгандыктан бул жаза колдонулушу мүмкүн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *