Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Оштогу ок атышуудан эки адам жараат алып, ооруканага түштү

0
Оштогу ок атышуудан эки адам жараат алып, ооруканага түштү

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы ок атышуудан эки киши жараат алып, ооруканага түштү. Бул туралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ок атышуу тууралуу кабар 27-январь күнү саат 20:30дар түшкөн. Милиция бул факты Кара-Суу милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганын билдирди.

“Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2023-жылдын 27-январь күнү саат 19:15 чамасында, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине тек-жайы аныкталбаган 30-35 жаштар чамасында куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийишкен белгисиз жарандар “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү автоунаа менен келишкен. Үйдүн короосуна киришип, аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн "Тойота Ленд Крузер 200" автоунаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Аткан октон жараат алган эки жаран ооруканага кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ош милициясы тараткан маалыматка караганда, жараат алгандардар 32 жана 21 жашта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин негизинде ("Каракчылык") кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү кармоо иштери жүргүзүлүп жатат. Түнкү саат 23:20дан өтүп "Мерседес-Бенц-Вито" үлгүсүндөгү автоунаа Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары алынган.​

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон. Милиция бул окуяга шек саналып алты адам кармалып, үчөө изделип жатканын билдирген. (КЕ)​











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *