Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Иран: 40 күндүк аза күтүү өкмөткө каршы нааразылыктар менен уланды

0
Иран: 40 күндүк аза күтүү өкмөткө каршы нааразылыктар менен уланды

Ирандыктар өлкө боюнча өткөн бийликке каршы нааразылык акцияларында көз жумгандардын мүрзөсүнө барып, маркумдарды эскерип, аза күтүүнү улантууда.

Былтыр сентябрда Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон кийин ирандыктар аялдардын укуктарын коргоп жапырт нааразылыкка чыгышкан.

Ислам жумуриятынын бийлиги демонстранттарды аёосуз басып, миңдеген киши катаал жазага тартылып, анын ичинде өлүм жазасына чегерилгендер бар. 26-январда cоциалдык медиада жарыяланган видеодо бир топ киши университеттин студенти, бала кезинен бери саркеч кийимдерди кийип, эл алдына чыгып жүргөн Хамидреза Роухинин мүрзөсүнүн алдында турат. Рухини 18-ноябрда Тегерандагы демонстрацияда окко учкан.

Өлкө батышындагы Хоррамабад шаарында Ника Шакрамини эскеришти. 16 жаштагы кыз дагы Тегеранда нааразылык акциясында өлтүрүлгөн.

Бул сыяктуу эскерүү Арак шаарында Мехршад Шахидинежаддын сөөгү жаткан жерде өттү. Ашпозчулукка окуп жүргөн 19 жаштагы жигит нааразылык акциясында набыт болгон.

Эштерхард шаарында Мохаммад Мехди Караминин жакындары маркумдун жайына барды. Мехди Карами менен Мохаммад Хоссейни массалык башаламандыкка катышкан жана полиция кызматкерин "мыкаачылык менен өлтүргөн" деген негизде 7-январда дарга асылган.

Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюму өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан бери дегенде 100 киши, анын ичинде беш аял өлүм жазасына кириптер болуп, өкүмдүн аткарылышын күтүп жатканын билдирди.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *