Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Жалал-Абадда "Ак кар-2023" аталышындагы спорттук мелдеш өттү

0
Жалал-Абадда

Бүгүн, 28-январда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек фольклордук талаасында “Ак кар-2023” аталышындагы кышкы спорттук иш-чара өттү. Иш-чарада мекеме-ишканалардан түзүлгөн жалпы тогуз команда спорттун төрт түрү боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында мыкты аталган командаларга мэриянын дипломдору жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Спорттук иш-чараны уюштурууда каражат бөлүнгөн эмес. Ал шаар тургундарын сергек жашоо образына тартуу менен президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштулду.

Бул Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын бири болгон. (ТВ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *