Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

29-январда Баткендин тоолуу райондорунда кар жаайт

0
29-январда Баткендин тоолуу райондорунда кар жаайт

29-январда Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Нарын аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз 3…5°. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *