Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Иран: жер титирөөдөн 800дөн ашуун киши жабыркады

0
Иран: жер титирөөдөн 800дөн ашуун киши жабыркады

Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында жер титиреп, кеминде 816 киши жабыркады. Үч киши каза болду. Бул тууралуу IRNA агенттиги провинциянын губернатору Мохаммад Садег Мотамедянга таянып жазды.

Анын айтымында, 124 киши ооруканага жаткырылды. Буга чейин өлкө бийлиги эки шаар жана 70 айылдагы үйлөрдүн 20-50% жабыркаганын билдирген.

Күчү 5,9 баллга жеткен зилзала 28-январда катталган. Силкинүү күчү провинциянын бир топ райондорунда сезилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *