Ирандагы жер титирөөдө бери дегенде үч адам көз жумду
Ирандын түндүк-батышындагы Батыш Азербайжан провинциясында болгон жер титирөөдө бери дегенде үч адам өлүп, 800дөн ашуун киши жабыркады. Бул тууралуу IRNA агенттиги провинциянын губернатору Мохаммад Садик Мотамедянга шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, 124 адам ооруканага жаткырылды. Расмий маалыматтарда эки шаарда жана 70 айылда турак жайлардын дээрлик 50% зыян тартканы айтылат.
28-январдагы жер титирөөнүн күчү 5,9 баллга жеткен.