Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Орунбеков Акылбек Жапаров тууралуу пикирлерге комментарий берди

0
Орунбеков Акылбек Жапаров тууралуу пикирлерге комментарий берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тегерегинде айтылып жаткан пикирлерге комментарий берди. Ал өкмөт башчы президенттин командасында экенин жана өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барып жатканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Социалдык тармактарда Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз”, - деп жазган Орунбеков.

Ал Жапаров жетектеген өкмөттүн бир катар тармактарда эмгек акылардын, социалдык төлөмдөрдүн жогорулашына салымы бар экенин жазган.

Орунбеков мамлекеттик кызматтагылар сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга даяр экенин айтып, социалдык тармактын колдонуучуларын кимдир бирөөнүн турпатына асылуудан алыс болууга чакырган.

Акылбек Жапаров тууралуу социалдык тармактарда ар кандай сын-пикир айтылып келет. Буга чейин анын кызматтан кетиши ыктымалдыгын жазгандар да болгон.

58 жаштагы Акылбек Жапаров Садыр Жапаров президент болуп келгенден кийин, 2021-жылы октябрда Министрлер кабинетинин жетекчилигине дайындалган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *