Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт
30-январда Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Нарын аймагында түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 4…6°.