Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ирандын стратегиялык объектилеринде жарылуу болгону кабарланды

0
Ирандын стратегиялык объектилеринде жарылуу болгону кабарланды

Жекшембиге караган түнү Ирандын аскердик инфратүзүм обьектилеринде бир нече жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жана Би-Би-Синин орус кызматы жазды. Маалыматтарга караганда, Исфахан провинциясындагы ок-дары сактаган кампа Ирандын Коргоо министрлигине таандык.

ИРНА агенттиги өлкөнүн чыгышында мотор майын чыгарган завод өрттөнгөнүн жазды. Tasnim басылмасынын жазганына караганда, Исфахандагы ок-дары чыгарган аскерий заводго дрондор менен чабуул часалган.

Ирандын батышындагы Дизфуль шаарындагы авиабазада дагы жарылуу болгону, өлкөнүн батышындагы Хамадан шаарында жана түндүгүндөгү Решт шаарында да жарылуу, өрт чыкканы кабарланды.

Тегеранда да жардыруунун добушу угулду. Жергиликтүү тургундар өкмөттүк имараттарга кол салуу болгонун айтышты. Күбөлөр  шаар үстүндө учактар учканын билдиришти.

Азырынча каза болгондор менен жараат алгандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Ирандын Коргоо министрлиги Исфаханда ок-дары заводуна дрон менен чабуул жасалганын ырастады.

“28-январда түнкү саат 23:30дар чамасында Коргоо министрлигинин борборлорунун бирине пилотсуз учак менен ийгиликсиз чабуул жасалган. Бирөө зениттик система менен атып түшүрүлгөн, экөө коргонуу капканына түшүп жарылды”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Иран бийлиги дрондор кайсы өлкөгө тиешелүү экенин айткан жок.

Июль айында Иран "Исфахандагы аскердик комплексти жардырууну пландаган" деген шек менен бир топ адамды кармаганын жарыялаган. Алар Израилдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган деп айыпталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *