Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Азербайжан Тегерандагы элчилигинен кызматкерлерди эвакуациялоодо

0
Азербайжан Тегерандагы элчилигинен кызматкерлерди эвакуациялоодо

Азербайжан Тегерандагы элчилигинде иштеген кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн 29-январда Ирандан эвакуациялай баштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине таянып билдирди.

27-январда куралчан адам элчиликке кол салганда дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, дагы эки күзөтчү жараат алган. 

Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, куралчан адам эки бала менен элчиликтин имаратына кирген. Кармалгандан кийин ал кол салууга жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрү себеп болгонун билдирген.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев куралдуу кол салууну теракт деп баалаган. Тегеран окуяны иликтеп жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *