Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Талибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскертти

0
Талибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскертти

Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган Талибан өкмөтү жеке менчик университеттерде аялдарга кирүү сынактарын тапшырууга тыюу салды. Талибдердин Билим берүү министрлиги эрежени бузгандар сотто жооп берерин эскертти.

Ооганстанда 40 мамлекеттик жана 150 жеке менчик университет бар. Жогорку окуу жайларына кезектеги кирүү сынактары февралдын аягында өтүшү керек.

Былтыр декабрда Ооганстанда студент кыздардын университеттерге барышына тыюу салынган. Андан мурун кыздардын мектептерге барышына чектөө киргизилген. Ошондой эле Талибан өкмөтү аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүн токтоткон чечим чыгарган. Андан бейөкмөт уюмдар өлкөдө 180ге жакын. Ушул тыюудан улам БУУ өлкөдөгү айрым гуманитардык программаларды токтоткон.

Дүйнөлүк коомчулук "Талибан" бийликке келгенден кийин Ооганстанда аялдардын укуктарынын бузулушун кескин айыптап келатат.

Кыргызстанда "Талибан" кыймылы экстремисттик деп табылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *