Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ташкенттин экс-акиминин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

0
Ташкенттин экс-акиминин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мурдагы акими Жахонгир Артыкхожаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Тиешелүү чечим 27-январда Ташкент шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынганын "Газете.uz" басылмасы жыйынга катышкан булактарга таянып билдирди.

Өзбекстандын мыйзамдарга ылайык, сенатор менен шаардык кеңештин депутаттары ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин кол тийбестикке ээ.

2020-жылы январда Артыкхожаев депутат болуп шайланып, кийин беш жылдык мөөнөткө сенатор болгон. Анын ыйгарым укуктары 2025-жылдын январында аяктамак.

16-январда президент Шавкат Мирзиёев Ташкентти 2018-жылдан бери башкарып келе жаткан мэрди кызматтан алган. Буга анын энергетикалык көйгөйлөрдү ырааттуу чече албаганы себеп болгону айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *