Талас: вице-мэр менен спикердин камактагы мөөнөтү узартылды
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков 2023-жылдын 10-февралына чейин камакта калды.
Ушул эле иш боюнча шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Курамаевдин үй камагындагы мөөнөтү да 10-февралга чейин узартылды.
Мындай чечимди 29-январда Талас шаардык соту чыгарды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Атайын кызмат 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканын жарыялаган.
Талас шаардык сотунун 10-январдагы чечими менен Марат Долдоев, 27-январда облустук соттун чечиминин негизинде Азиз Курамаев үй камагына чыккан.
Талас шаардык кеңешинин депутаттары алар мыйзамсыз кармалганын, шаардык бюджетке ижара акыдан көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. (MKt)