Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Бишкектин четиндеги беш конушка газ берүү маселеси талкууланды

0
Бишкектин четиндеги беш конушка газ берүү маселеси талкууланды

Бишкекте дагы беш жаңы конушка газ киргизүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу 30-январда Бишкек шаардык мэриясында өткөн абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды.  

Мэриянын маалыматына караганда, жыйында 2023-жылы Ак-Тилек, Ак-Тилек- 2, Ак-Тилек (турбаза), Бакай Ата, Ала-Арча конуштарын газдаштыруу планы каралды. 

2024-2025-жылдары Бишкектин чеке-белиндеги конуштарды толук газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип жатат. Шаар башкармалыгы муну менен калаадагы ыш маселесин чечүүнү көздөөдө. 

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылы газ киргизүүдөн тышкары альтернативдүү энергия булактарын орнотуу боюнча иштер пландалып, муниципалдык отканаларда көмүрдү жагууну токтотуу каралып жатканын айтты.

Жыйында Казакстандан жогорку сапаттагы көмүр алып келүү, таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу, таштанды ташыган 500 автоунаа сатып алуу керектиги айтылды.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапта турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго ыштан арылуу боюнча тез арада план иштеп чыгуу тапшырмасын берген. (BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *