Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Пакистандын соту экс-премьер-министр Ханды камакка алуу чечимин чыгарды

0
Пакистандын соту экс-премьер-министр  Ханды камакка алуу чечимин чыгарды

Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Имран Ханды камакка алуу ордерин чыгарды. Ага мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда.

Исламабад сотунда ишти карап жаткан судья Ханга сотко келүү мүмкүнчүлүгү кайра-кайра берилгенин, бирок ал келбей койгонун билдирди. Судья Зафар Икбалдын айтымында, ушундан улам аны камакка алуу чечими кабыл алынды, экс-премьерге күрөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилбейт.

Хандын адвокаты соттон отурумду беш күнгө жылдырууну суранды, анткени анын дагы эки иши сотто каралууда. Судья өтүнүчтү четке какты.

Буга чейинки соттордо Хан террорчулук, атаандаш саясатчыны өлтүрүүгө аракет кылуу жана паракорчулук боюнча шектелип, күрөөгө бошотулган. 

Хан 2022-жылдын апрелинде парламент ишеним көрсөтпөөнү колдогондо бийликтен четтетилген. Ал өкмөт башчы Шебхаз Шарифти аны бийликтен кетирүү үчүн АКШ менен сүйлөшүп алды деп айыптаган. Буга далил келтирген эмес. Вашингтон айыптоолорду четке кагып келет.

Мурдагы крикет жылдызынын бутуна былтыр 3-ноябрда өкмөткө чукул шайлоо өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү максатында Исламабадда нааразылык жүрүштөрүн жетектеп жаткан маалда ок тийген.

Хан 26-ноябрдагы митингде өлкөдө “башаламандык” орнотууну каалабасын айтып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабынан баш тарткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *