Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөргө өкүм чыкты

0
Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөргө өкүм чыкты

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын өлүмүнө айыпталгандарга өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бири 28-февралда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды, экинчиси (кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болчу) 7-февралда он жылга кесилди. Ишти Кадамжай райондук соту карады. 

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *