Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Түркияда президенттик, парламенттик шайлоо 14-майда өтүшү ыктымал

0
Түркияда президенттик, парламенттик шайлоо 14-майда өтүшү ыктымал

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майда өтүшү мүмкүндүгүн ишарат кылды.

45 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган катуу жер титирөөдөн кийин шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы ыктымал деген божомолдор айтылып келген.

«Кудай буюрса 14-майда элибиз өз тандоосун жасайт”, - деди Эрдоган парламентте башкаруудагы АК партиясынын депутаттарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Табигый кырсыкка чейин Эрдогандын бедели экономикалык каатчылыктан, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам түшүп кеткен.

Анын өкмөтү өлкөнүн азыркы тарыхындагы эң кандуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда жетиштүү аракет көргөн жок деген сынга туш болду.

Бийлигин үчүнчү он жылдыкка узартууну көздөгөн Эрдоган июнь айындагы майрамдарга туш келбесин деп, шайлоону май айына жылдырарын буга чейин айткан. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул жолку добуш берүү президент үчүн чоң сыноо болмокчу.

Зилзала болгон аймактарда жабыркагандардын добуш берүүсүнө даярдануу жана логистикалык иштерди жүргүзүү канчалык мүмкүн болот деген күмөн саноолор да жок эмес. Ал жерлерде 14 миллиондой адам жашайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *