Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Иранда депутат окуучу кыздардын табышмактуу ооруга чалдыкканын иликтөөгө чакырды

0
Иранда депутат окуучу кыздардын табышмактуу ооруга чалдыкканын иликтөөгө чакырды

Иран парламентинин депутаты кеминде 15 шаарда студент кыздар ооруп, акыркы айларда бир тобу ооруканага жаткырылды деген маалыматтарды моюнга алды.

Абдулали Рахими Мозафари бул кабарды 28-февралда Иран парламентинин жыйынында козгоп, спикерден маселени иликтөө буйругун берүүнү суранды.

Ошол эле күнү эки журналист Тегеранда жана баш калаанын чыгышындагы Пардис шаарларында бир нече окуучу кыз белгисиз себептерден ооруп калганын социалдык тармактарга жазышты.

Биринчи андай окуя болжол менен былтыр ноябрда катталган. Кум шаарындагы 18 окуучу кыз жүрөктөрү айланганын, баштары ооруганын, жөтөлгөнүн, дем алуусу кыйындаганын, тахикардия болгонун, колу-буттарын сезбей калышканын айтып, ооруканага жеткирилген.

Шейшембиде Ирандагы Адам укуктары борборунун аткаруучу директору (CHRI) кыздар атайлап ууландырылганын билдирди.

"Бул террордук акт жана Ислам жумуриятынын окуяны бир нече айдан бери олуттуу кабыл албаганы өкмөт мындай ири чабуулдарды уюштурууга мүмкүнчүлүгү бар тараптар менен кутумга барган жокпу деген олуттуу суроо жаратат", - деди Хади Гаеми.

Маалыматта айтылгандай, кеминде бир кыздын өлүмү табышмактуу ооруга байланышкан болушу ыктымал. Бирок маркумдун атасы андай байланышты бышыктоодон баш тартты.

Көптөгөн ирандыктар бийликти илдеттин себебин табуу жана жаңы учурлардын алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөндүгү үчүн айыпташты. Кээ бир ачууланган ата-энелер балдарын мектепке жибербей койгон учурлар тууралуу да кабарланууда.

Ал ортодо дагы бирөөлөр диний экстремисттер кыздардын мектепке баруусуна жол бербөө максатында ушундай чагымга барышы мүмкүн деп божомолдошууда.

Иранда былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини абакта көз жумгандан кийин нааразылык акциялар тутанган. Маркум жоолук салынуу эрежесин бузган деп кармалган. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды. Укук коргоочулар акцияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет.

Кээ бир кыз-келиндер нааразылык иретинде Ислам жумуриятында милдеттүү болуп эсептелген хижабдарын, жоолуктарын алып салышууда.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *