Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жогорку Кеңеш министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду

0
Жогорку Кеңеш министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш бүгүн 1-мартта Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдугун берди. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Иманалиев министр катары биринчи кезекте мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кыларын, буга мектеп гана эмес, ата-энелер, коом жардам бериши зарылдыгын айтты.

Министрлик кызматка талапкерлигин президентке парламент төрагасы Нурланбек Шакиев сунуш кылганын билдирди.

Иманалиев билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр төмөнкүдөй үч багытта болушу керек экенин белгиледи:

“Биринчи эң чоң маселе – бул мугалимдин кадыр-баркы. Коомдо, айылда, үйдө мугалимдин кадыр-баркы көтөрүлмөйүн биз мугалимдин кадыр-баркын көтөрө албайбыз. Экинчиден, билим берүү жалгыз эле мугалимдин эмес, коомдун, үй-бүлөнүн, ата-эненин жана жергиликтүү бийликтин маселеси болушу керек. Үчүнчүдөн, билим берүү – дайым бюджеттен каржыланып турган социалдык багыт эмес, экономикалык стратегия. 15-20 жылдан кийин экономика кандай болору бүгүн билим берүүгө кандай инвестиция салсак, ошого жараша болот”.

24-февралда министрликти беш ай жетектеп келген Уланбек Мамбетакунов президенттин жарлыгы менен бул кызматтан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Иманалиев дайындалган. Мамбетакунов эмне себептен жумуштан алынганы айтылган эмес.

54 жаштагы Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *