Памирде тумоо күчөдү, кыргыздар жардам күтөт
Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алды. Жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттык" менен болгон маегинде айтып берди. Азырынча Памирде тумоодон көз жумгандар тууралуу маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек. - Абдулвакил, Ооганстандын Памир аймагында сасык тумоо жүрүп жатканын, кыргыздар арасында ооругандар көп экенин... Читать дальше...