Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 17.01.2023

Баш прокурордун биринчи орун басары алмашты

Azattyk.org 

Баш прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов кызматтан алынды. Анын ордуна Улукбек Султанов баш прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 17-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Буга чейин президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштаган. Андагы маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан... Читать дальше...

Энергокризистен улам Ташкент мэри иштен кетти

Azattyk.org 

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынды. Эки жарым миллиондой калкы бар баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына сөгүш берилди. 16-январда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сынга алды. "Ташкенттин акимин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан ары жыла албаганы үчүн... Читать дальше...

Ырчы Малик Аликеев дүйнө салды

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу ырастады. Аликеев аталган театр ачылгандан бери анын мүчөсү катары эмгектенип келе жаткан. Былтыр 4-декабрда ал улуттук филармонияда “Өмүр жөнүндө ой толгоо” аттуу жеке концертин берген. Ырчы өзү туулуп-өскөн Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жашап жаткан, сөөгү ошол жерге коюлары кабарланды. Читать дальше...

Курманбек Бакиевдин жубайынын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болду. Бул тууралуу маркумдун жердештери жана бир нече булак «Азаттыкка» ырасташты. Ушу тапта Төлөмүшованын жакындарынын Казармандагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат. Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланууда.   Маалыматка ылайык... Читать дальше...

ИИМ Бишкекте милиция кызматкери баңгизат менен кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын кызматкери Э.А. баңгизат менен кармалганын 17-январда билдирди. Маалыматка караганда, ал борбор калаанын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде кармалып, кызматтык формасынын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм белгисиз зат табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун... Читать дальше...

Байге сайып окурман издеген китеп дүкөндөр

Azattyk.org 

Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда. Адатта мындай сынактарга жаштар катышат. Уюштуруучулар калкты китеп окутууга үйрөтмөйүнчө коомдо илимий жана экономикалык прогресс болушу кыйын экенин белгилешет.

Жазуучулар союзу мыкты авторлорду аныктады

Azattyk.org 

Улуттук Жазуучулар союзу өлкө ичинде 2022-жылы чыккан адабий китептердин мыктыларын аныктады. Чыгармачыл союздун атайын комиссиясы проза, поэзия жана балдар адабияты боюнча эмгек жазган авторлорду тандап алган. Жеңүүчүлөргө диплом жана статуэтка тапшырылды.

Баткен: тынчтыкты тилеген ишкерлер

Azattyk.org 

Былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Баткен облусунан жалпы 258 жеке ишкер 426 млн. сомдон ашык зыян тарткан. Мамлекет жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 300 миң сомдон кенемте берип, каржылык уюмдардан алган насыяларды кечип, мөөнөтүн узарткан.

Таштандыны кайра иштетүүгө бел байлаган ишкер

Azattyk.org 

Жайлоого чейин каптаган пластикти кайра иштеткен Жалал-Абаддык ишкер. 60 жашка чыгып жаңы кесип тапкан мугалим. Базарларда тутамдап сатылып тукум курут болгон баканы кантип сактап калабыз?

Президенттик администрация прокуратуранын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштады

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды. Бул тууралуу 17-январда президенттин сайтына жарыяланды. Маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат. Анын жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилеринин мыйзам талаптарын бузганы, тергөө жана ыкчам... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *