Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 18.01.2023

Мамлекеттик ипотекалык компания үй курууга кайра тендер жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда көп функционалдуу турак жайды долбоорлоого жана курууга үчүнчү ирет инвестициялык сынак жарыялады. Анын шарттары жана долбоордун болжолдуу сүрөттөрү мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, МИК аталган райондо дээрлик 9,64 гектар жерге ээлик кылары, ага көп кабаттуу турак жайларды курулары белгиленген. Каалоочу курулуш компаниялары сынакка катышып, өзү долбоорлоп жана өзү инвестиция салууга даяр болушу керек. Читать дальше...

ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун бүгүн 18-январда “Биринчи радионун” түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады. Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди: “Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Читать дальше...

ӨКМ: Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөрдүн 80% жылуулук менен камсыздалды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 18-январдагы маалыматына караганда, министрдин орун басары Урматбек Мамырканов Майлуу-Суу шаарында жылуулук берүүнү жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүүнү көзөмөлдөп жатат. Жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылган. "Учурда № 1, 4 отказан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80% жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза... Читать дальше...

Орусияда мекендештерин тоногон төрт кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу Москвада мекендештерин тоногон кыргыз жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 11-январь түнү Москва шаарынын аймагында төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын автоунаага отургузуп, сабап, акчасын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Барымтага алган кишини “өлтүрөбүз” деп коркутуп... Читать дальше...

Бекешев жарыкты өчүрүүнүн графигин берүүнү сурады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын графигин берүүнү сурады. Бул тууралуу эл өкүлү пардаменттин 18-январдагы жыйынында билдирди. "Бүт эле жерде азыр саат сайын электр энергиясын өчүрүү башталды. Мурдагы веерный өчүрүүнү азыр регулятордук чаралар деп коюшту. Электр энергиясы бизде кризис болуп жатат, жабдуулар эски, начар болуп жатканын түшүнүп жатат. Жок дегенде жарандарга график түзүп, ушул саатта жарык болбойт деп айтып койбойсуздарбы. Читать дальше...

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40% өстү

Azattyk.org 

2022-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 10,5 млрд. долларды түзүп, мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 40,4% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тышкы жана өз ара соода тууралуу бюллетенинде маалымдалды. 2021-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүү 7,5 млрд. доллар болгон эле. Анын 4,9 млрд. доллары импорт, 2,6 млрд. доллары экспорт болгон. 2022-жылдын январь-ноябрындагы сооданын 10,5 млрд. доллар сооданын 8,5 млрд. Читать дальше...

Депутаттар Майлуу-Суу, суук, кадр маселелерин көтөрүштү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 18-январдагы жалпы жыйынында бир топ депутаттар Майлуу-Сууда сууктун айынан токтоп калган отканалардын абалы, анын себеби, аймактардагы куурлардын жарылып жатканы тууралуу маселелерди көтөрүштү. Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков мындай учурлар кайталанбашы үчүн мекемелер аралык же депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. "Комиссия түзүп, канча чыгаша болду, канча зыян келди, кимдер күнөөлүү, алдын алса болот беле, бир тыянак чыгарып коюш керек. Мындан ары дагы болбойт деген кепилдик жок. Читать дальше...

Кыргызстан 2023-жылы Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Azattyk.org 

2022-жылдын жылытуу мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясын керектөөсү 15,9 млрд. киловатт саатты түзсө, 2023-жылы электр энергияны керектөө 16,6 млрд. киловатт саатты түзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунун “Түз байланыш” уктуруусунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, натыйжада быйыл дефицит 1,9 млрд. киловатт саат болуп калышы ыктымал. “Тартыштыкты кыскартуу... Читать дальше...

ОСАГО: машинени кантип камсыздандыруу керек?

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Эми талапты аткарбаган автоунаа ээлерине апрель айынан баштап айып пул салынат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *