ТИМ: Кыргызстан-Евробиримдик келишимине кол коюуга даярбыз
Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу жаңы келишимге европалык тараптагы жараян бүтөр замат кол коюуга даяр. Бул тууралуу 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Министрдин айтымында, келишим боюнча сүйлөшүүлөр үч жылдан бери жүрүп жатат, ага быйыл кол коюлушу ыктымал: “Ал жакта 27 мамлекет кол коюшу зарыл. Мурда кол коюу ишин Евробиримдиктин катчылыгы жүргүзчү экен. Эми ар бир өлкө менен өз-өзүнчө кол коюу керек деген эреже кириптир. Читать дальше...