Жасалма акчага көмүр сатып алган шектүү кармалды
Чүйдүн Сокулук айылында жасалма 200 доллар менен 1,7 тоннадай көмүр сатып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, жасалма 200 доллар менен соода кылган киши сатуучудан 4300 кайтарым акча алган. Арыз боюнча Кылмыш жаза кодексинин 233-беренеси (“Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо”) менен кылмыш иши козголгон. Милиция шектүү Сокулуктагы дагы башка жерден жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. Читать дальше...