Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 25.01.2023

Мирзиёевдун Бишкекке сапары: Чек ара, темир жол жана ГЭС

Azattyk.org 

Кыргызстандын жетекчилиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январь күндөрү Бишкекке мамлекеттик сапар менен келерин ырастады. Мирзиёев былтыр декабрда келери айтылып, визит ар кандай себептерден улам жылып кеткен. Ошол тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын жетекчилери өз-өзүнчө чек ара тууралуу келишимдерге кол коюшкан. Сапардын жүрүшүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана "Камбар-Ата-1" ГЭСнин курулушу сыяктуу маселелер каралары айтылды. Улам жылган иш сапар Өзбекстандын президенти... Читать дальше...

УКМК: Таласта Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Azattyk.org 

Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн акчаны өздөштүрүүдөгү жемкорлукка шектелип кармалганын 25-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, аны менен кошо «Календер-Курулуш» ишканасынын да жетекчиси кармалып, экөө облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. УКМК билдиргендей, алар Бекмолдо айылынын ички жолдорун ашып кетсе 1,5 миллион сомго оңдоп... Читать дальше...

Коргоо министринин орун басары ЖККУ Кыргызстанга керек экенин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) өлкө үчүн керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди. Депутат Дастан Бекешевдин Кыргызстандын Тажикстан менен чечиле элек чек ара маселеси бар экенин, бул уюмдун машыгуусун өткөрүүдөн кыргыз тарап былтыр баш тартып койгонун белгилеп, «Бул уюм бизге керекпи?» деген суроосуна Алмазбек Карасартов төмөнкүчө жооп берди: «Менин жеке оюмча, бул уюм керек. Читать дальше...

Атай Бейшенбекке Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Султанов “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылды: 213-беренесинин, 4-бөлүгү (Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө) ; 278-берененин, 2-бөлүгү (Массалык башаламандыктар); 209-берененин, 3-бөлүгү (Алдамчылык). Адвокат билдиргендей... Читать дальше...

Ош: балдарды энесиз калтырган зомбулук

Azattyk.org 

2022-жылы Ошто эки айдын ичинде эки аял үй-бүлөлүк зомбулуктан ажал тапты. Натыйжада алты бала жетим калып, шектүүлөр камакка алынган. Зомбулуктун күбөсү болгон балдар азыр психологиялык жардамга муктаж.

Парламентте автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында айдоочуларды автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамдын мөөнөтүн жылдыруу сунушу айтылды. Депутат Дастан Бекешев эки айдын ичинде айдоочулар автоунааларын камсыздандырып жетишпей турганын айтты. “Күн сайын кеминде 10 миң айдоочуну катташ керек болот. Камсыздандыруу компаниялары буга даяр эмес. Ошого жайга же күзгө чейин жылдырып туралы. Балким, келерки жылдын 1-январында баштасак болот”, - деди Бекешев. Ал Министрлер кабинетинен... Читать дальше...

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районуна 400 үй курула турганын билдирди. Бул тууралуу 25-январда администрациянын Фейсбук баракчасына жазылды. Анда курулуш иштери быйыл май айында башталары, бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл нерселер менен камсыздалары жазылган. "Өлкө жетекчилиги Ооганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатат. Читать дальше...

Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы менен мигранттардын маселесин сүйлөшкөнүн билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен мигранттардын маселесин сүйлөшкөнүн парламенттин 25-январдагы жыйынында билдирди. “Ал (ред: - Ашибаев) маселени түшүндү. Астанага барары менен бул маселе чукул карап, оң жакка чечүүгө аракет кыларын билдирди. Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисине дароо тапшырма берди”, - деди Шакиев. Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга 23-январда расмий сапары менен келип кеткен. Читать дальше...

Рузахуновдун ишин тергөө токтогону жөнүндө маалымат тастыкталган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда кыйноого кабылганы боюнча бул өлкөдө козголгон ишти тергөө токтогон жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Казакстандагы адвокаттарына таянып Рузахунов өзү билдирди. Музыканттын адвокаты Бакытбек Автандил да тергөө уланып жатканын, жакында Рузахунов Алматыга барып келерин айтты. 24-январда казакстандык айрым маалымат каражаттары өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип Рузахуновдун жана Чолпонбек Сыдыковдун иши боюнча тергөө токтогонун, буга... Читать дальше...

Германиядан алынган карыз кайтарылбай, ипотекалык долбоорго салына турган болду

Azattyk.org 

Кыргызстан Германиядан алган 14,9 миллион евролук карызын кайтарбай, ал каражатты ипотекалык турак жай долбооруна сала турган болду. Бул тууралуу “Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы” макулдашуусуна кол коюлганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24-январда Фейсбукка жазды. Макулдашууга Министрлер Кабинети менен KFW германиялык өнүктүрүү банкы 2022-жылдын май айында кол коюшкан. “Бүгүнкү күндө 4,966 млн. евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар “Карызды алмашуу IV ... Читать дальше...

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму "Азаттыкты" жабуу аракетин сындады

Azattyk.org 

“Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптады. Уюмдун 24-январда сайтына жарыялган билдирүүсүндө бул "Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан басма сөз эркиндигине чоң тоскоолдук болору" жазылган. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Жанна Кавельенин билдирүүсүндө "мындай көрүнүш мамлекеттин жеке каалоосу мыйзамдан жогору турганын" көрсөтөрүн айтты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *