Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 01.03.2023

Армиядагы "чоңсунуу", аскер башчынын талкуу жараткан билдирүүсү

Azattyk.org 

Кыргыз армиясындагы "чоңсунуу" жана зордук-зомбулукка байланыштуу кайрадан талкуу жаралды. Буга коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун парламентте "аскерлер арасында "дедовщина жок" деген билдирүүсү себеп болду. Жоокерлер кызмат өтөп жүргөн маалда өмүрү кыйылган учурлар токтой элек жана маркумдардын туугандары аскер жетекчилеринин айткандарына ишенбей, зордук-зомбулук токтобой жатканын айтып жатат. Маркумдардын жакындарынын нааразылыгы  Маркум Элдияр Жайлообеков көзү тирүү болгондо келерки айда... Читать дальше...

Грекияда поезд кырсыгында кеминде 30дан ашык киши каза тапты

Azattyk.org 

Грекияда жүргүнчү поезд менен жүк ташыган поезд кагылышып, бери дегенде 32 киши каза тапты.  Кеминде 85 киши жаракат алды, алардын басымдуусу ооруканага түштү. Кырсык шаршембиге караган түнү Лариса деген шаардын жанында болду. Афиныдан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 350 киши бар болчу. Кагылышуудан алдыңкы төрт вагон рельстен чыгып кеткен, бир нечеси өрттөнө баштаган. Бир топ жүргүнчү өрттө күйүк алды. Кээ бирлери терезелерден кулап түшкөн. 250 чакты киши автобустар менен Салоники шаарына жеткирилди. Читать дальше...

Парламентте Тажикстандагы кыргыздардын маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-марттагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев Тажикстандагы этникалык кыргыздар маселесин көтөрүп, чек арадагы чатактан кийин алардын абалы оорлошуп кеткенин айтты. "Тажикстандагы кыргыздар аябай катуу кыйналып жатыптыр. Биздин элчи же Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда жашаган кыргыздарга бир барып, эмне көйгөйлөрү бар экенин карап берсе... Өтө көп көйгөйлөр бар деп айтып жатышат. Аябай кыйналып жатабыз, келип сураган эч ким жок, чек ара чатагынан кийин да абал татаалдашып кетти деп телефон чалышууда". Читать дальше...

Бишкек мэри курулуш эрежелери сакталбаган үйлөрдү текшерүү зарылдыгын билдирди

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-мартта "Кабар" агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров баш калаадагы курулуш эрежелерин бузган же сактабаган көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү зарылдыгын айтты. "Мен куруучу катары айтып койоюн, бардык нормаларды сактап, анан салынган үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бирок кээ бир курулуш компаниялары бар, адис эмес, лицензиясы болсо да өнүдүрүштүк, каржылык базасы жок. Элдин акчасын чогултуп алып анан курулуш каражаттарынан, арматурадан үнөмдөп салган үйлөр 8-9 баллга чыдабайт. Читать дальше...

Блинкен Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда адам укугу, сөз эркиндиги маселесин көтөрдү. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирүү таратты. "Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Астана шаарында С5+1 министрлер деңгээлиндеги жолугушуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, АКШ менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.... Читать дальше...

Кулубаев БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйынында сөз сүйлөйт

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүгүнүн башталышына байланыштуу 1-2-мартта кеңештин 52-сессиясында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жыйындын күн тартибинде адам укуктарын сактоо жана коргоо, анын ичинде жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды камсыз кылуу боюнча эң актуалдуу маселелер бар. 52-сессиянын Жогорку деңгээлдеги сегментине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш... Читать дальше...

Икрамов өкмөттүк кортеждер боюнча маселе көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 1-марттагы парламенттин жалпы жыйынында Бишкек шаарында эртең менен жана кечкисин негизги жолдорду жабууга себеп болуп жаткан өкмөттүк кортеждер боюнча маселесин көтөрдү. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, эл кортеждердин айынан жумушка, окууга кечигип жатканын айтты. "Бизде жумушка келатканда жана кечинде иштен кайтканда жол тыгыны көйгөй болууда. Жогору жактагы адамдардын кортеждери элдер жумушка чыга электе өтсө... Читать дальше...

Бишкек мэри мындан ары мыйзамсыз курулушка жол берилбесин билдирди

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров басма сөз жыйнынын өткөрүп, мындан ары баш калаада мыйзамсыз курулуш болбой турганын билдирди. "Жаңы конуштарда көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруп алышыптыр. Эми курулуп, эл жашап калгандан кийин биз анын тургундарын кууп чыга албайт экенбиз. Бирок мындан ары Бишкектин архитектуралык башкаруусун өзүмө бергиле деп жатам, мындай мыйзамсыз курулуштар болбойт". Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан кабат үйлөрдүн саны 87... Читать дальше...

Бишкек мэри таштанды полигонуна чехиялык компания завод курарын билдирди

Azattyk.org 

Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду чехиялык компания курат. Бул тууралуу баш калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, завод куруу маселесин талкуулоо үчүн бүгүн чехиялык компаниянын өкүлдөрү менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушкан. "Бир жылга чукул биз бул маселенин үстүндө иштедик. Эки компания бар эле, аягында чехиялык компанияга токтолдук. Алардын таштандыны кайра иштетүүчү завод курууда чоң тажрыйбасы бар экен", - деди. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Жоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучунда

Azattyk.org 

Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" кирип, коргоого алынганын билесизби? Кыргызстандык экологдор белгилегендей, жетиштүү көзөмөл болбогондуктан жана адамдын аёосуз мамилесинен эндемикалык өсүмдүктөр, өзгөчө "Кызыл китепке" кирген эрте жазда чыккан гүлдөр, жоогазындын айрым түрлөрү жоголуп кетүү коркунучуна кептелди. "Жашыл планета" подкасты ушул темага арналат. Кыргызстандан табылган жоогазындын жаңы түрү Жоогазын - 80ден ашык түрдү камтыган көп жылдык жана пияз түптүү өсүмдүк. Читать дальше...

Сот залында ымыркайы менен отурган келиндин маселеси парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарга сүрөтү жарыяланган ымыркайы менен сот залында отурган келин боюнча маселе көтөрдү. Ал алган карызын төлөй албаганы үчүн камакта отурганын айтып, мамлекетти каржы жагынан жардам берүүгө чакырды. 28-февралда келиндин сот залында отурган сүрөтүн анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбукка жарыялаган. Анын айтымында, шектүү жылдык 144% менен алган карызын төлөй албаганы үчүн иш козголуп, кош бойлуу кезинде тергөө абагына киргизилген. Читать дальше...

Жапаров илимдин колдонмо жагына көңүл бурууга чакырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-февралда Улуттук илимдер академиясынын жылдык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле экономикага илимий мамиле жасалып, буга окумуштуулар да катышуусу зарыл деди. "Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 млн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *