Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 10.03.2023

Зордукталып, өз жанын кыйган секелектин иши тергеле баштады

Azattyk.org 

Бишкекте 2021-жылы 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин жанын кыйганы ачыкка чыкты. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болду. Башкы прокуратура ишти бир жылдан кийин кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан эки милиция, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин, ошондой эле зордуктоого шектүү адамды камакка алды. Бишкекте 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы кыздын бир тууган агасы милицияга кайрылып, дайынсыз жоголгон карындашын таап берүүнү суранган. Читать дальше...

Бишкек-Кашкар багытында автобустар каттай баштады

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекет" ишканасы Бишкек-Кашкар багытында автобустар каттай баштаганын билдирди. Ага ылайык, 8-марттан тартып каттам жумасына эки жолу саат 16.00до Батыш автобекетинен шаршемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат. Билеттин баасы 7431 сом (85 доллар). Кыргызстандын Чек ара кызматы автобустар "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу каттай турганын "Азаттыкка" бышыктады. Кытай кыргызстандык жарандардын алгач "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтөрүнө үч жылдан кийин... Читать дальше...

Камактагы активистти бошотуу талабы коюлду

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке калыс сот чечими чыгышын талап кылгандар бүгүн, 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында, андан соң Жогорку Соттун алдында чогулушту. Акцияга активисттин апасы жана санаалаштары катышып, ал күнөөсүз экенин айтышты жана бошотууну талап кылышты. Алар Адилет Балтабай элдин тынчтыгын буза турган, жапырт башаламандык уюштура турган чакырыктарды жасабаганы экспертизанын жыйынтыгында аныкталганын... Читать дальше...

Бишкекте жаңы салык эрежелерине каршы акция өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги Максим Горький гүлбагында бүгүн 10-мартта өкмөттүн жаңы салык эрежелерине нааразылардын акциясы өтүп жатат. Жүздөгөн адам катышкан митингге чогулгандар өзүлөрүн Бишкектин ичиндеги жана чет жакасындагы майда дүкөндөрдө иштеген, Таластан, Ысык-Көлдөн келген соодагерлер деп тааныштырууда. Алар бийликтен контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга беш жылга мораторий киргизүүнү, салык эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылууда. Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген... Читать дальше...

Окуучулардын жазгы каникулу 20-мартта башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникулу быйыл 20-марттан 26-мартка чейин болот. Бул тууралуу 10-мартта “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим 18-21-март күндөрү өкмөттүн токтому менен дем алыш деп жарыяланганына байланыштуу кабыл алынды. Быйыл январдын ортосунда Кыргызстанда кар көп жаап, аба кескин сууктагандыктан  кышкы каникул үч күнгө узартылган. Кийин ошонун эсебинен жазгы каникул 22-26-март күндөрү болору кабарланган. Читать дальше...

"Альфа Телекомдун" мурдагы жетекчилеринин бири камакка алынды

Azattyk.org 

«Альфа Телеком» ишканасынын (MEGA мобилдик байланыш компаниясы) мурдагы жетекчилеринин бири жемкорлукка айыпталып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 10-мартта билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда аталган ишканага жабдыктар жогорулатылган баада сатылып алынганына байланыштуу кылмыш иши иликтенип жатат жана башкы директордун мурдагы орун басары менен IT технологиялар боюнча департаменттин жетекчилиги 20 миллион сомдук зыян келтирген деп шектелүүдө. Читать дальше...

Грузияда калайман каршылык акцияларда кармалгандар бошотулду

Azattyk.org 

Грузиянын Ички иштер министрлиги 9-мартта кечинде эки күндүк калайман каршылык акцияларында кармалган 130дан ашык адам бошотулганын билдирди. Алардын айрымдарынын кармоо мөөнөтү аяктап, кээ бирлерине айып пул чегерилген. Учурда полиция кызматкерине кол салууга шектелген бир жаран гана кармалып турат жана ал күнөөлүү деп табылса төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Маалыматтарга караганда, тоз-тополоңдо 70ке чукул полиция кызматкери жараат алган. Грузиянын Тбилиси, Батуми... Читать дальше...

Кыялдарына балта чабылган ооган кыздары

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар уюму Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүндө жасаган билдирүүсүндө Ооганстандагы талибдердин кыз-келиндерге каршы жүргүзгөн саясатын дүйнөдөгү эң репрессивдүү деп атап, дагы бир жолу айыптады.  Анын алдында уюмдун докладында талибдердин андай мамилеси адамзатка каршы кылмыш деп каралышы мүмкүн экени белгиленген. 2021-жылы бийликке кайтып келген "Талибан" кыймылы убадаларына турбай, кыз-келиндердин билим алуусуна, иштөөсүнө тыюу салып, бир топ укуктарын бузган чектөөлөрдү киргизди. Читать дальше...



Шаардык сот Дүйшөбаев менен Баязовдун бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 10-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Улуттук коопсуздук кызматын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен активист Марат Баязовдун бөгөт чарасын карап, аларды дагы абакта калтырды. Былтыр октябрда "Кемпир-Абад суу сактагычын жеринин Өзбекстанга берилишине ачык каршы чыгып жүргөн 30дай саясатчы, активист жана укук коргоочу камалган. Бийлик аларды калайман башаламандык уюштурууга камынган деп айыптаган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келет. ... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: шаардык сот Асия Сасыкбаеваны абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 10-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова кабарлады. Мунун алдында жактоочу саясатчынын саламаттыгы начарлап жатканын билдирген. Сыдыкова Сасыкбаеванын өнөкөт оорулары козголуп, муундары ооруп, кан басымы жогорулоодо, ал эми абактагы дарыгерлердин дарылоосу натыйжа бербей жатканын айткан. "Асия Айтбаевна кармалып отурган шарт анын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Читать дальше...

Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды

Azattyk.org 

Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды жана өлкө тарыхында бул беш жылдык орунда үч мөөнөт катары менен отурган биринчи башчы болуп калды. Xinhua маалымат агенттиги Эл өкүлдөрүн бүткүл кытай кеңешинин депутаттары аны бир добуштан колдогонун жазды. Цзинпин ошондой эле Борбордук аскердик кеңештин төрагасы кызматына да кайра шайланды. Кытайдын Коммунисттик партиясы 2021-жылы ноябрда Цзинпиндин макамын жогорулаткан резолюцияны жактырган. Ага ылайык, азыркы төраганын макамы өлкөнүн... Читать дальше...

Наманган: кыргыз жаранын уурдап, барымтада кармаган эки адам камалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Өзбекстандын Наманган облусунда кыргыз жаранын уурдоого шек саналып эки адам камалганын билдирди. Анда бул операцияны эки өлкөнүн атайын кызматы биргелешип жүргүзгөнү белгиленген. Маалыматка караганда, О.Т.Т. аттуу кыргыз жараны беш ай мурда, былтыр октябрда уурдалып, ошондон бери барымтада отурган. "УКМКга 28-февралда О.С.Т. аттуу кыргыз жараны бир тууган агасы уурдалганы тууралуу кайрылган. Наманганда кылмышка шек саналып кармалгандар О.Т.Т. аттуу... Читать дальше...

Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолукту

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-мартта Ташкентте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. "Сүйлөшүү маалында, өндүрүш кооперациялары, айыл-чарба, энергетика жана транспорт тармагындагы маанилүү долбоорлорду чукул ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Акылбек Жапаров бул жылы кыргыз-өзбек кызматташтыгы бардык тармактарда жаңы жетишкендиктерге жетет... Читать дальше...

Түркия санкцияга кабылган жүктөрдү Орусияга өткөрбөй калды

Azattyk.org 

Түркиянын бийлиги Европа Биримдигинен Орусияга жөнөтүлгөн, эл аралык санкцияга кабылган жүктөрдү өткөрбөй калды. Бул тууралуу бир катар логистикалык компаниялардын өкүлдөрү кабарлады. Мындай чектөөлөр Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Анкарага келип кеткенден кийин башталганы айтылууда. Бейшемби, 9-мартка карата санкциялык тизмеде он миңден ашык аталыштагы товарлар, анын ичинде электроника, тетиктер, химиялык заттар жана өнөр жай жабдуулары бар. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык... Читать дальше...

Гамбург: "Жахабанын күбөлөрү" борборуна кол салууда алты адам мерт болду

Azattyk.org 

Германиянын Гамбург шаарында 9-мартта кечинде "Жахабанын күбөлөрүнүн" борборлорунун бириндеги куралдуу кол салууда кеминде алты адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир канча киши жараат алганы кабарланууда. Полиция бул кандуу окуяда мерт болгондордун санын азырынча так айта элек. Укук коргоо органдары ок чыгарууга шек саналган адамдын дагы сөөгү табылганын билдирди. Шаардын Гросс Борстель районунда полициянын операциясы уланып жатат. Кылмышка шектүү кандай себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Читать дальше...

"Демократияны бийликти түбөлүк сактап калгысы келгендер жамандайт"

Azattyk.org 

“Эркиндик үнү” подкастында Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев менен адам укуктарынын, эркиндигинин, демократиялык баалуулуктардын өлкө экономикасына таасири тууралуу сүйлөштүк. "Бийлик колдонгон тартиптин эки түрү" - Эмил мырза, алгач өлкөнүн экономикасын бул темадан алыс угармандарга жалпак тил менен кантип түшүндүрүп берер элеңиз? - Алгач тартип жөнүндө айтылгандан баштасак. Тартип бардык жерде талап кылынат да. Анын эки булагы бар. Биз колониялык шартта 150 жыл жашадык. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *