Бишкекте жолдорго 200 тоннадан ашык туз себилди
Бишкек шаардык мэриясы кар калың жаап жатканына байланыштуу жолдорду, эл баскан тратуарларды тазалоо, туз себүү жүрүп жатканын билдирди. Анда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 600дөн ашык кызматкери ондогон техника менен 4-январдын түнүнүн баштап иштеп жатканы, учурда 200 тоннадан ашык туз себилгени айтылат. Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, Бишкекте 4-январда түнкүсүн жана түшкө чейин маал-маалы менен кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° болот. Читать дальше...