Иран: Хижабдан башталып, өлүм жазасына чейин жеткен күрөш
Иранда 7-январда былтыр сентябрда башталган нааразылык акцияларынын дагы эки катышуучусу дарга аcылды. Ушуну менен акцияга катышкан төрт адам өлүм жазасына тартылды. Эл аралык коомчулук эки кишинин дарга асылганын айыптап, Тегеранды өз жарандарын мындай катаал жазага тартууну тезинен токтотууга чакырды. Махди Карами менен Саид Мохаммад Хоссейниге "аскер кызматкерин өлтүргөн" деген айып тагылган. Экөө тең күнөөнү четке кагып, түрмөдө кыйноо көргөнүн айтышкан. Европа Биримдигине улай эле АКШ Иранда... Читать дальше...