Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 13.01.2023

Түркмөнстан бир палаталуу парламентти кайра кайтарууну көздөөдө

Azattyk.org 

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасын жоюп, бир палаталуу системага кайтууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-январда өлкө парламентинин кош палатасынын жыйынында билдирди. Сунушка ылайык, эки жыл мурун гана парламенттин жогорку палатасы деп жарыяланып, төрагалыгына өлкөнүн ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов шайланган Халк Маслахаты (Элдик кеңеш) кайрадан бийликтин өз алдынча органы болуп калат. Ага Конституцияны өзгөртүү, конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу... Читать дальше...

Ошто кылмыш тобунун мүчөсү киши колдуу болду

Azattyk.org 

Ош шаарында 12-январда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдарга кол салуу болду. Окуя болгон жерде бычакталгандардын бири каза болду.  Экинчиси оор абалда Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Милициянын маалыматында, каза тапкан адам Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургуну болгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары укук коргоо органдарынын каттоосунда турган. Читать дальше...

Ошто келин үч баласы менен иске ууланып каза болду

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында 1990-жылы төрөлгөн келин үч баласы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. "11-январда түштөн кийин маалымат келди, анда Жапалак айыл аймагындагы Качыбек айылына жакын жайгашкан Чек тилкесинин тургуну - 1990-жылы төрөлгөн Мунира Бактыбек кызы жана анын 2013, 2014, 2019-жылы төрөлгөн бир кыз, эки уулу иске ууланганын кабарлашты. Окуяны тактаганда жаңы салынган үй экени белгилүү болду... Читать дальше...

Адвокат Адилет Балтабайдын камалышы тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Адилет Балтабайга байланыштуу райондук соттун чечими прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде жокко чыккан. Бул туурасында Балтабайдын адвокаты Такен Молдокулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун былтыр 11-ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечими 30 күндүн ичинде күчүнө кирмек. Бирок прокуратура жарандык активистке жеңил жаза колдонулуп калды деген негизде Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Такен Молдокулов Адилет Балтабайды шаардык соттун чечимин жокко... Читать дальше...

Ысык-Ата: келиндин өлүмүнөн улам төрөтканада тинтүү болду

Azattyk.org 

19 жаштагы келиндин өлүмү катталган Ысык-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын төрөтканасында милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, тийиштүү документтер алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. "Ыкчам тинтүү иштери жүрүп, келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Ооруканадагы тийиштүү документтердин оригиналдары тергөө амалдары үчүн милиция алып кетти", - деп жазылган маалыматта Министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашева 12-январда "Азаттыкка"... Читать дальше...

"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтын сотко берди

Azattyk.org 

“Вечерний Бишкек" басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын сотко берди. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media жана "Вечерний Бишкек" өз сайттарына жарыялашты. "Биринчи май райондук сотуна арыз берүүгө "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалган тууралуу макала себеп болгон. Келтирилген доонун суммасы – 50 миллион сом", - деп билдирди Kaktus.media. Маалымат сайты "Вечерний Бишкек" доонун 25 миллион сомун журналист Диля Юсупова... Читать дальше...

Секелекти зордуктоого айыпталган эки милиционердин жаза мөөнөтү кыскарды

Azattyk.org 

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарганы маалым болду.  Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркаган кыздын атасы кабарлады. 12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилишкен эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарып, 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды. Читать дальше...

HRW баяндамасы: Бишкекке бир нече сын айтылды

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Кыргызстанда бийлик адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан сын айткандарга жана жарандык коомго басым кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу уюмдун 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында жазылып, ага бир нече мисал келтирилди. Кыргыз бийлиги буга окшогон сын - дооматтарды четке кагып, өлкөдө пикир айтуу эркиндиги бар экенин билдирип келет. HRW: сөз эркиндигине басым күчөдү Human Rights Watch укук коргоо... Читать дальше...

Сот жана укук коргоо органдарына нааразылык көп экени кабарланды

Azattyk.org 

Өткөн жылы сот жана укук коргоо органдарынын ишине даттангандар көп болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 12-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, 2022-жылы президенттик администрацияга жарандардан жалпы 19 844 кайрылуу түшкөн. Алардын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор жиберген. Соттордун жана күч органдарынын дарегине сын Жогорку Кеңеште да айтылып келет. Депутаттар камалган жарандардын иши жылдап созулуп, тергөө убагында жүрбөй жатканын бир нече жолу көтөрүшкөн. Читать дальше...

Милиция кытай ишкерлерин тоноого шектүүлөр кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Кытай ишкерлерин тоноого шектүү беш адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милициянын маалыматында 9-январда Сокулук районунда кытай ишкерлерин тоноп кеткен факты катталган. "Таңкы саат беште Сокулук кыштагындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Ремп Груп" ишканасына бир нече адам кирип келип, кытайлык эки ишкер менен ишканадагы кызматкерлерди сабап, 650 миң сомун тоноп кеткен. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене ("Талоончулук") катталып, тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат"... Читать дальше...

Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 13-январда маалымат берди. "Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматовдун айтымында "Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен кыскарды".  Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *